Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Бишкекте "Мыйзамдуулук үчүн" деген аталышта кезектеги жүрүш өттү


Буга чейинки акциялардын биринде тартылган сүрөт.
Буга чейинки акциялардын биринде тартылган сүрөт.

7-мартта Бишкекте кезектеги "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүшү өттү. Бул ирет алар конституциялык реформага каршылык билдиришти.

Уюштуруучулар кабарлагандай, акцияга 30-40тай адам катышып, Темир жол бекетинин алдына чогулуп, Эркиндик бульвары аркылуу Ала-Тоо аянтына келишти жана талаптарын айтып тарап кетишти.

Буга чейин Биринчи май райондук администрациясы шаарда ар жекшемби сайын өткөрүлгөн митингдер жашоочуларын "тынчтыгын бузууда" деп сотко кайрылган. Райондук бийлик митингдерди Максим Горький гүл багында өткөрүүгө уруксат берди.

Райондук сот Ала-Тоо жана Турдакун Усубалиев аянттарында, Эркиндик бульварында 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салган.

Акция катышуучулары муну жарандардын конституциялык укугун бузуу экенин билдиришти.

"Баштан башта" кыймылы демилге кылган "Мыйзамдуулук үчүн!" тынчтык жүрүштөрү 2020-жылдын октябрынан бери ар жекшембиде уюштурулуп келе жатат. Ага негизинен жарандык активисттер, кээде парламенттеги айрым депутаттар катышат.

Акцияда Кыргызстанда коррупцияны жоюу, мыйзамдуулукту орнотуу чакырыктары айтылат. Катышуучулар колдоруна өз турумдарын билдирген ар кандай плакаттарды көтөрүп алышат.

Президенттик аппарат же өкмөт тараптан акциядагы талаптарга комментарий боло элек. (SE)

XS
SM
MD
LG