Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:00

8-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат


8-мартка караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр аралаш кар, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +10...+15,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +9...+14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +12....+17,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1...+6, күндүз +6...+11,

Нарын облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз +4...+9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15...-20, күндүз -1...-6°.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн 0…+2, күндүз +10…+12°.

XS
SM
MD
LG