Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Дин тармагындагы мамлекеттик саясат боюнча жаңы концепция талкууланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 9-мартта Бишкекте Кыргызстандын дин тармагындагы мамлекеттик саясаты боюнча кезектеги концепциясынын долбоору талкууланып жатат. Мекеменин басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна кабарлагандай, атайын түзүлгөн жумуш тобу 2021-2026-жылдардын концепциясын жана аны жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планын кароодо.

Жыйында 2014-2020-жылдын концепциясынын жыйынтыгы чыгарылып, кезектеги документтин негизги багыттары, максаттары жана милдеттери талкууланууда.

Быйылкы жылдын расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда 3348 диний уюм каттоодо турат, алардын 2930у ислам, 404ү христиан багытындагылар. Мындан тышкары Кыргызстанда 12 Бахаи, 1 иудей жана 1 буддисттик бирикме бар.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия – дин жагында мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу ишин жүргүзүүчү, мамлекеттик органдардын ишин координациялоочу борбордук орган. (RK)

XS
SM
MD
LG