Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Талас облусуна жетекчи болуп Бакытбек Нарбеков дайындалды


Бакытбек Нарбеков. Талас. 2021-жылдын 9-марты.
Бакытбек Нарбеков. Талас. 2021-жылдын 9-марты.

Бакытбек Нарбеков өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгону бүгүн, 9-мартта облустук акимчиликте өткөн жыйында айтылды.

Жаңы жетекчини өкүлчүлүктүн аппаратына өкмөттүн бөлүм башчысынын орун басары Жетиген Бакиров тааныштырды.

Нарбеков буга чейин президенттин жана парламенттин иш башкармалыктарында бөлүм башчы болуп эмгектенген. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо "Биримдик" партиясынан депутаттыка аттанган.

Талас облусунун мурунку башчысы Айбек Бузурманкулов мамлекеттик банктардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсү болгону маалымдалды. Жарандык активист катары таанылган Бузурманкулов өкмөттүн өкүлү болуп 2020-жылы октябрда өлкөдө бийлик алмашканда дайындалган болчу. (MK)

XS
SM
MD
LG