Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Бишкекке расмий сапар менен келет


Мевлют Чавушоглу.
Мевлют Чавушоглу.

10-мартта Кыргызстанга расмий визит менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу келет. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, сапар алкагында стратегиялык пландоо боюнча биргелешкен топтун төртүнчү жыйыны өтөт. Түркиянын башкы дипломаты Кыргызстандын жетекчилери менен жолугушууларды өткөрөт.

Эки тараптуу кызматташтык менен катар түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы жана эл аралык алака боюнча да маселелер талкууланат. ​

Кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланган соңку дипломатиялык жолугушуу 2020-жылдын ноябрында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарага барганда болгон. Министр Чавушоглу журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Түркияда тыюу салынган ФЕТО тобунун жактоочуларынын ролу Кыргызстанда бар экенин жана өлкө үчүн бул коркунучтуу экенин эскерткен. Түркия Кыргызстанда 1992-жылы ачылган «Себат» билим берүү мекемелерин да «гүленчил» көз карашта деп болжойт. Кыргыз бийлиги ал мекеме өлкөнүн өзүнө таандык деп эсептеп, 2017-жылы «Сапат» деп өзгөрткөн.

Быйыл Түркиянын "Маариф" фонду Бишкекте алгачкы мектебин ачканы жатат.

Түркия Кыргызстан эгемендик алгандан кийин дипломатиялык алака түзгөн алгачкы мамлекеттердин катарына кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG