11-мартта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл облусунун кээ бир жерлеринде жаан, кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 4…9;
Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз 2…7;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 2…7, күндүз 7…12;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9;
Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -16…-21, күндүз -5…-10 градус болот.
Бишкекте жаан, кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 7…9 градус.