Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Булак: Нетаньяхунун Эмиратка сапары болбой калды


Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяхунун Бириккен Араб Эмиратына 11-мартка пландалган визити болбой калды. Бул тууралуу Израилдин "Кан" коомдук радиосу сапарды даярдоого катышкан булакка шилтеме менен маалымдады.

Маалыматка караганда, Перс булуңундагы аба каттамга байланыштуу маселе чыккандыктан жана премьердин жубайы ооруп калгандыктан сапар үзгүлтүккө учурады. Бирок эки өлкөнүн расмий адамдары визит тууралуу маалыматты бышыктаган эмес.

Сентябрда АКШнын арачылыгы менен Израиль Бириккен Араб Эмираты жана Бахрейн менен расмий алака түзгөн. Ага чейин жөөт мамлекети менен араб өлкөлөрүнөн Египет жана Иордания дипломатиялык мамилелерди орноткон. Кийин Судан жана Марокко да алардын катарына кошулган.

23-марттагы шайлоонун алдында Нетаньяхуну коррупциялык иш боюнча сот күтүп жатат. Андан тышкары пандемиядан улам экономикалык абалга нааразы болгондор көп. Премьер шайлоо кампаниясында ийгиликтүү эмдөө программасына басым жасоодо. Ошондой эле араб кошуналары менен алака түзүүдө дипломатиялык жөндөмүн көргөзүүгө аракеттенүүдө.

Араб өлкөлөрү Израиль менен алаканы жакшыртуу Палестина менен жаңжалдын чечилишине көз каранды болорун айтып, мамиле курууга көпкө макул болбой келишкен.

XS
SM
MD
LG