Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Аба ырайы: Кар, жаан жаайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 17-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт.

Эртең менен жана күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;

Суусамырда түнкүсүн -11…-16, күндүз 0…-5;

Таласта түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 1…6;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Бийик тоолордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -5…-10 градус суук болот.

Бишкекте 17-мартта түнкүсүн бир аз кар жаайт, күндүз жаан-чачын жок. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6 градус суук, күндүз 1…3 градуска чейин жылыйт.

16-18-марттагы жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу), 198-260 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 74-115-чакырымдарында, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма), Красная Горька-Ак-Таш жолунун 1-4-чакырымдарында кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

XS
SM
MD
LG