Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Украина Орусияны «киберчабуул» үчүн айыптады


Украинанын Коопсуздук кызматы
Украинанын Коопсуздук кызматы

Украинанын коопсуздук кызматы өкмөттүк атайын ресурстарга багытталган орус хакерлеринин "масштабдуу киберчабуулун токтотконун" жарыялады. Украин атайын кызматы бул киберчабуулду уюштурууга Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматын (ФСБ) айыптоодо. Киевдин жүйөсүндө, ФСБ көзөмөлдөгөн «Armageddon» деп аталган хакердик топ виртуалдык чабуулду ишке ашырышы мүмкүн. Орус тарап мындай айыптоолорго азырынча жооп бере элек.

Украинанын бийлиги Орусияны “гибриддик согуштун” алкагында бир нече ири киберчабуулдарды уюштурду деп айыптаган. Бирок Москва мындай дооматты четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG