Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:30

Беларус: августтан бери митингге катышкан 400дөн ашык адам соттолду


Беларустагы акциялардын бири
Беларустагы акциялардын бири

Беларуста былтыр августтагы президенттик шайлоодон кийинки митингдерде кармалган 400дөн ашык адам соттолду. Бул тууралуу Беларустун Башкы прокуратурасынын 17-мартта тараткан маалыматында айтылат. Ага ылайык, өткөн жети айда мыйзамсыз нааразылык акциялары учурунда коомдук тартипти бузду деген айып менен 631 адамга карата козголгон 468 кылмыш иши сотко жөнөтүлгөн. Ал эми дал ушундай эле беренелер менен 400дөн ашык адамга сот өкүмү чыккан.

Беларуста былтыр август айындагы президенттик шайлоодон соң оппозициянын тарапкерлери жекшемби сайын акцияларды өткөрүп келди. Ал шайлоодо бийлик Александр Лукашенко утканын жарыялаганы менен оппозиция жана бир нече өлкө анын бурмаланган жыйынтыгын тааныган эмес. Ошондон бери Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган нааразылык акциялары жекшемби сайын тынымсыз өтүп жатат. Анын жүрүшүндө беларус коопсуздук күчтөрү орой түрдө күч колдонуп, акцияга чыккандарды четинен кармап келет.

Бүгүнкү күнгө чейин Беларуста 27 миңден ашык киши кармалган. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы камакка алынып, бир тобу өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду.

Өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко оппозициянын талаптарына кулак салбай, талаптарды аткаруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG