Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:44

Жапаров менен Путиндин катышуусунда Жерүй кенинин комбинаты ачылды


Жерүй кенинен бир көрүнүш (Фото архивден)
Жерүй кенинен бир көрүнүш (Фото архивден)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин 17-мартта Таластагы Жерүй кенинин алтын иштетүүчү комбинатын ачты. Орусиянын лидери бул иш-чарага телекөпүрө форматында онлайн катышты.

Садыр Жапаров Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабриканы ачуу үчүн бүгүн - 17-мартта Таласка барган. Өкмөттүн маалыматына ылайык сөз болуп жаткан кен иштетүүчү ишкана учурда 900 миллион сом салык төлөөдө.

Фабрика ишке киргизилсе бюджетке төлөмдөрдүн көлөмү жылына 4 миллиард сомго чейин көбөйт. Талас облусун өнүктүрүү фондуна жылына болжол менен 300 миллион сом түшөт. 1000 жумушчу орду түзүлөт. Бирок бул кенди иштетүүгө жергиликтүү тургундар каршы чыгып, бир канча жолу нааразылык акциясын өткөргөн.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Мындай укук орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына тийген. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. Компанияны кенди иштетүүгө лицензияны 2035-жылга чейинки мөөнөткө алган.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки экинчи орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 25 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар.

Курманбек Бакиев президент болуп турган учурда кен Улуу Британиянын "Оксус Голд" компаниясына таандык болгон. Анын өкүлү Шон Дейлиге - бул мамлекеттин жаранына - 2006-жылдын жай айларында Бишкекте 4 ирет ок атылып, ал аман калган. Кийин Шон Дейли анын өмүрүнө кол салууну уюштурган деп Максим Бакиевди Лондон сотуна берген. Сот 2017-жылдын жай айларында Лондондо болгон.

Андан мурдараак 2014-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Шон Дейлиге байланыштуу иш үчүн айыпталган Курманбек Бакиев менен анын баласы Маратты 20 жылга, ал эми Жаныш жана Максим Бакиевдерди өмүрүнүн акырына чейин абакка кескен өкүм чыгарган.

XS
SM
MD
LG