Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Ооганстан: Маалымат министрлигинин кызматкерлери түшкөн автобус жардырылды


Жардырылган автобус. 18-март, Кабул
Жардырылган автобус. 18-март, Кабул

Ооганстандын башкааласы Кабулда автоунаа жардырылып, андан кеминде үч адам каза болду, ондон ашык адам жараат алды. Полициянын маалыматы боюнча, 18-мартта эртең менен Маалымат жана технология министрлигинин кызматкерлерин жумушка алып бараткан автобуска кол салуу болгон. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек.

Бул окуя Москвада Ооганстанга тынчтык орнотуу боюнча жолугушуу башталган учурда туш келди. Жолугушууга ооган өкмөтүнүн жана “Талибан” кыймылынын, Орусиянын, АКШнын, Кытайдын, Пакистандын өкүлдөрү катышары айтылган.

Ооган бийлиги “Талибан” кыймылын соңку учурдагы мамлекеттик кызматкерлерге, жарандык коомдун өкүлдөрүнө, журналисттерге кол салууга айыптап келет. Талибдер мындай айыптоону четке кагууда.

Ооганстандын Коргоо министрлиги 17-мартта кечинде Вардак провинциясында тик учак кулап, тогуз аскер каза болгонун жарыялады. Айрым маалыматтар боюнча, тик учак ракетадан аткыланып, кырсыкка учурашы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG