Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:14

Европанын бир катар өлкөлөрү AstraZeneca вакцинасы менен эмдөөнү улантат


Латвия, Германия жана Италия коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен жарандарын эмдөөнү улантат. Мындай чечимди аталган өлкөлөрдүн бийлиги Европанын Дары-дармек агенттиги AstraZeneca вакцинасын “коопсуз жана эффективдүү” деп тапкан соң кабыл алды.

Агенттиктин коопсуздук боюнча эксперттик тобу иликтөө жүргүзүп, вакцинанын адам өмүрү үчүн зыяны жок деген жыйынтыкка келген. Дал ушундай эле корутундуну Британиянын медициналык регулятору жана Нидерланддардын изилдөө борбору чыгарды.

Европанын Дары-дармек агенттигинин жетекчиси Эмер Кук “комитет вакцина тромбду пайда кылат жана кандын коюлушу боюнча маселе жаратат деген тобокелчиликтерге байланышы жок”,-деп билдирди.

Буга чейин бир катар өлкөлөр дал ушул тромб пайда кылат деген шектенүүдөн улам AstraZeneca менен эмдөөнү токтоткон. Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдө 5 миллиондон ашык адам аталган препарат менен эмделсе, 30га жакынында тромб менен байланыштуу маселе жаралганы кабарланды.

Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана AstraZeneca компаниясы мындай тобокелчиликтерди четке кагып, дүйнө өлкөлөрүн эмдөөнү улантууга чакырган.

Буга чейин өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү вакцина менен камсыздоого багытталган COVAX программасынын алкагында Кыргызстанга AstraZeneca вакциналары алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы кабарланган. Бирок саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев акыркы маалыматтардан улам кыргыз өкмөтү аталган вакцинаны алуу боюнча жараянды убактылуу токтотконун билдирди.

XS
SM
MD
LG