Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Депутат Жапаров: Кумтөрдө экологиялык маселелер көп


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын жетекчиси, депутат Акылбек Жапаров өндүрүшкө барган депутаттар кен иштетүүнүн жаратылышка тийгизген таасири боюнча маселе көтөргөнүн билдирди.

“Кумтөр кенин 2012-2013-жылдары эки чоң комиссия текшерген экен. Анын бири депутаттык комиссия болгон. Алардын сунушу канчалык деңгээлде аткарылып жатканына кызыктык. Кенде экологиялык маселелер көп. Мисалы, калдык сактоочу жай боюнча бир топ сын-пикирлер айтылган. Ошону жеринде көрүп келдик. Мындан тышкары жакында эле "Центерра" компаниясынын отчету чыкты. Ага ылайык Кумтөрдөгү алтындын болжолдуу кору, ресурсу 10 жылга жетет деп жазылган. Мамлекеттик комиссия, “кен дагы 10 жыл иштесе мөңгүлөр эмне болот, кандай технология колдонулат” деген суроолорго жооп издеди”.

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссия 18-мартта өндүрүштү жеринде көрүп кайтты. Мамлекеттик комиссия өз ишин эки айдан кийин жыйынтыктайт. Депутаттардан куралган мамлекеттик комиссия Кумтөр кениндеги экологиялык жана экономикалык маселелерди карап жатышат.

«Кумтөр Голд» ишканасы жаратылышты коргоо маселелерине жоопкерчилик менен кароого өз өндүрүштүк ишмердигинде абдан чоң маани берерин айтып келет. Компания жылына кендеги экологиянын абалын аныктоо жана аны коргоо чараларына 7 миллион доллардын тегерегинде каражат бөлөрүн билдирди.

2012-жылдагы депкомиссияны Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты, азыркы президент Садыр Жапаров жетектеген. Ал ошол кезде Кумтөрдү улутташтыруу керек деп билдирип келген.

Былтыр Жапаров премьер-министрлик кызматка дайындалып жатканда кенди улутташтырууга кеч болуп калганын айтып, аны Кумтөрдө алтын дээрлик түгөнүп калганы менен түшүндүргөн. Садыр Жапаров Кумтөр мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштей турганын белгилеген.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG