Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:25

Израиль: экзит-полл боюнча Нетаньяхунун "Ликуд" партиясы алдыда келатат


Израилде экзит-поллдун жыйынтыгы боюнча премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун “Ликуд” партиясы алдыга чыгышы мүмкүн.

Өлкөнүн ири үч телеканалы жүргүзгөн сурамжылоо боюнча “Ликуд” 120 орундуу парламентте 53-54 мандат алышы ыктымал. Бирок бул жыйынтык өкмөттү өз алдынча куроого мүмкүнчүлүк түзбөйт. Ошондуктан Нетаньяху 12 жылдан бери ээлеп келе жаткан премьер-министрлик кызматын узартуу үчүн Нефтали Беннаттын “Ямина” партиясы менен коалиция боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүшү керек. Сурамжылоолор боюнча улутчул маанайдагы Беннеттин партиясы 7-8 мандатка ээ болушу мүмкүн.

Израилде 23-мартта акыркы эки жылдагы төртүнчү жолку парламенттик шайлоо өттү. Буга чейинки үч жолку добуш берүүдө бир да партия көпчүлүктү түзө алган эмес. Мындан улам коалициялык өкмөт түзүү боюнча орток пикир таппай парламент үч жолу мөөнөтүнөн мурда тараган.

XS
SM
MD
LG