Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:25

Исхак Масалиев: УКМКга күбө катары суракка чакырышты


Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылганын билдирди. Бүгүн, 26-мартта ал “Фейсбуктагы” жеке баракчасына күнү жана убактысы көрсөтүлбөгөн чакыруу кагазынын сүрөтүн жарыялады.

Саясатчы “Азаттыкка” чакыруу кагазын анын үйүндөгү почта кутучасына калтырып кетишкенин ырастады:

“Кайсы күнү барыш керек, белгисиз. Бирок тергөөчүнүн колу коюлган. Балким балдар шашып жазбай калышканбы? Жасалма деп айта албайм. Балким анча-мынча сүйлөгөн сөздөрүм үчүндүр. Бирок мен чакырык жасаган жокмун, пикиримди ачык билдирип жатам".

Атайын кызмат бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Коммунисттер партиясынын лидери Искак Масалиев Жогорку Кеңештин экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана алтынчы чакырылыштарынын депутаты болгон. Алтынчы чакырылышта ал «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат болуп, мандатын мөөнөтүнөн мурда 2020-жылдын май айында тапшырып берген жана “15 жыл ичинде минтип мыйзамды четке кагып койгон учурду көрө элек элем. Жогорку Кеңешке айтылган мынчалык сын-пикирди уга элекмин” деп билдирген. Соңку кездери ал конституциялык реформа боюнча сын пикирлерин айтып келет.

2010-жылы Масалиевге карата “бийликти күчтөп басып алууга аракет” деген айып коюлуп, 2011-жылы ал сотто толук акталган. (RK)

XS
SM
MD
LG