Суэц каналын бөгөп калган контейнер ташыгыч эң чоң кеме сууга түшүрүлдү. Буга байланыштуу бир жумадан бери бөгөлүп турган аталган суу каналынын өтмөгү ачылып, ал аркылуу өтчү жүк ташуучу кемелердин кыймылы толугу менен калыбына келтирилгени турат.
“Суэц каналынын башкармалыгынын башчысы, адмирал Усама Раби аталган суу каналы аркылуу кемелердин жүрүшү жанданганын жарыялады”, – деп айтылат Мисирдин Суэц каналынын башкармалыгынын билдирүүсүндө.
Суэц каналынын ортосунан бөгөп калган контейнер ташуучу чоң кемени чыгарып, сууга түшүрүп жаткан учур Египеттин Ever Given телеканалынан көрсөтүлдү. Бул эң ири кеме тыгындан жарым-жартылай чыгарылганы тууралуу буга чейин Мисирдин бийлиги жарыялаган болчу.
Кеменин мурду каналдын Чыгыш жээгине чыгып, тыгылып калган. Андан улам каналдан кемелер өтө албай, алардын узун тыгыны пайда болгон. Суу жолун бөгөп калган “Эвер Гиван” кемеси 18 миң контейнерди жүктөп, Азиядан Европага бараткан. Ал 23-мартта Кызыл деңизден Суэц каналына бурулуп жатып, каналдын бир тилкелүү жээгине тыгылып калган. Дүйнөдөгү деңиз контейнерлеринин көпчүлүгү күнүнө 193 чакырымды түзгөн Суэц каналы аркылуу өтөт.