Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

“Ислам мамлекети” тобу Мозамбиктеги кол салууга жоопкерчиликти өзүнө алды


Мозамбик, иллюстрациялык сүрөт
Мозамбик, иллюстрациялык сүрөт

Мозамбиктин түндүгүндө жайгашкан Пальма шаарындагы ондогон адамдын, алардын арасында чет элдик жумушчулардын өмүрүн алган чабуулду жасаганы тууралуу "Ислам мамлекети" террордук уюму жоопкерчилик алганын Amaq агенттиги жарыялады.

Анда жоочулар коопсуздук күчтөрү менен бир нече күндөн берки кагылыштан кийин шаарды көзөмөлгө алышып, кеминде 55 аскер адамы өлтүрүлгөнү көрсөтүлгөн.

“Өкмөттүк объектилерге жана аскерлерге үч күн бою кол салуудан соң халифаттын жоокерлери Пальма стратегиялык шаарын колго алышты”, – деп жазылган аталган топтун Telegram-каналына чыккан билдирүүдө.

Мозамбиктин өкмөтү 28-мартта Пальма шаарына 24-мартта кол салуу болуп, ондогон адамдар өлтүрүлгөнүн ырастады. Алардын арасында Түштүк Африка Республикасынын бир жараны болгон. Britain's Times гезити бул кагылышта Улуу Британиянын бир жараны каза болгонун билдирди.

Пальма шаары Мозамбиктин Кабо-Дельгадо провинциясында жайгашкан. Бул жакта 2017-жылдан бери “Ислам мамлекети” террорчул тобу менен байланыштуу козголоңчул кыймылдын мүчөлөрү жашайт. 75 минден ашуун адам жашаган шаар бош калды. Анын миңдеген тургундары жанын сактап калыш үчүн үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга качышкан.

XS
SM
MD
LG