Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Таласта Нылды айылынын тургундары митингге чыгышты


Талас облустук администрациясынын алдына чогулгандар өкмөттүн Таластагы өкүлү Бакытбек Нарбеков менен жолугушууда. 2021-жылдын 29-марты.
Талас облустук администрациясынын алдына чогулгандар өкмөттүн Таластагы өкүлү Бакытбек Нарбеков менен жолугушууда. 2021-жылдын 29-марты.

29-март күнү Таласта облустук администрациясынын имараты алдында Манас районунун Кайыңды айыл аймагынын тургундары бир нече маселелерди чечип берүүнү талап кылып митинг өткөрүштү.

Өкмөттүн Таластагы өкүлү Бакытбек Нарбековдун атына жазылган кайрылууда митингчилер Талас-Нылды-Арал-Покровка автожолуна асфальт төшөп берүүнү өтүнүшкөн.

Ошондой эле Нылды айылын Манас районунун аймактык административдик бөлүнүшүнөн Талас районунун Көк-Ой айылына кошуп берүү боюнча документтерди жогорку бийлик өкүлдөрүнө жөнөтүп берүүнү жана айыл башына сугат сууну топтоочу бассейн куруп берүүнү суранышууда.

Митингге катышуучулардын бири Хантемир Өмүрзаковдун айтымында, аталган көйгөйлөр Таласка келген бийликтин баарына айтылып, бир да колдоо болгон эмес.

"Биздин айылга каттаган таксисттер да туруктуу иштебейт. Ушул күнгө чейин бир да ирет асфальт көргөн эмес. Талас шаарына ушул жол менен каттайбыз. Унааларды кайра-кайра оңдото берип тажадык", - деди Өмүрзаков.

Чогулгандар менен жолуккан Өкмөттүн Таластагы өкүлү Бакытбек Нарбеков нараазылардын суранган жол маселеси Транспорт министрлигинин карамагында экенин айтып, бирок, 15-апрелге чейин жеринен барып таанышууга убада берди.

Манас районунун Нылды айылы райондун борбору Покровкадан 45 км, ал эми Талас шаарынан 18 км аралыкта жайгашып, туруктуу автотранспорт каттабагандыктан карапайым калктын жашоо тиричилигине терс таасирин тийгизип келет.

XS
SM
MD
LG