Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:12

Бийликти сындаган тажик активисти Орусиядан депортацияланды


Иззат Амон, укук коргоочу
Иззат Амон, укук коргоочу

Орусиядан депортацияланган укук коргоочу Иззат Амон Дүйшөмбү шаарынын аэропортунан кармалды. Бул тууралуу билдирген анын жакын туугандары эки күндөн бери кайсы жакта кармалып турганын билбегенин айтышты.

Тажикстандын Ички иштер министрлигиндеги булактар ал учурда министрликтин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгында отурганын жана убактылуу кармоо жайына которула электигин билдиришти.

Иззат Амондун уулу Мухаммадюсуф Холов 29-мартта “Азаттыктын” тажик кызматына атасы менен жолугушуу аракетинен майнап чыкпаганын айтты.

“Биз анын каякта экенин жана кандай абалда экенин билбейбиз. Бизге ал камакта экенин айтышты. Издеп барсак, “ал бул жакта жок” дешти. Анан биз ИИМге кайрадан кайрылдык. Бизге кат жазыш керектигин, ошондо гана так маалымат болорун айтышты”.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги 26-мартта активистти алдамчылыкка айыптап, Иззат Амон Орусиядан депортация болуп, аэропорттон кармалгандан бир күндөн кийин ага кылмыш иши козголгонун билдирген.

Иззат Амондун үй-бүлөсү аны Орусиядан депортациялап, Тажикстанда камакта кармоо жана ага жакындарын жолуктурбоо мыйзамга каршы келерин белгилешти. Анын уулу бийликтен эч ким ага атасынын камалганы тууралуу айтпаганын билдирди.

Тажик мыйзамына ылайык, милиция кармалган жаран тууралуу анын жакындарына кабарлоого милдеттүү.

XS
SM
MD
LG