Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:02

Акматова: Эмдөө алган 100 кишинин абалы канааттандырарлык


Kыргызстан. Коронавирус илдетине каршы эмдөө алып жаткан адам. 2021-жылдын, 29-мартты.
Kыргызстан. Коронавирус илдетине каршы эмдөө алып жаткан адам. 2021-жылдын, 29-мартты.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Айнура Акматова Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө алган 100 киши жана министрдин абалы канаттандыраарлык экенин маалымдады. Акматова бул тууралуу 30-мартагы брифингде билдирген.

Анын айтымында, вакцина сайылган Бишкек, Чүй, Ош аймагындагы жарандардын көпчүлүгү медицина кызматкерлери.

29-мартта Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев биринчилерден болуп вакцина сайдырган. Эмдөөгө кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга жеткидей 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коранавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамда кандайдыр бир реакциялар болсо, өкмөт менен министрлик жоопкер болот, деп билдирген.

Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, "Тез жардамда" иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделери айтылган. Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG