Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:36

COVID-19: Дагы бир адам каза болду, вирус 98 кишиден табылды


Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 31-марттагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул илдеттен бир адам каза болду. Көз жумган бейтап Бишкек шаарындагы ооруканада жаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондор 1499 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 98 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (48) жана Чүй облусунда (36).

Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 88 374 адамга жетти.

Бир күндө 96 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 503 адам жатат, дагы 616 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 4246 адамга жетти, алардын 4197си айыгып чыкты.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG