Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Жогорку Кеңеш коронавирус боюнча абал тууралуу маалымат угат


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы коронавирус боюнча абалга байланыштуу парламентке маалымат берет. Бул маселе 31-мартта Жогорку Кеңештин апрель айына календарлык планга кирди.

Депутат Тазабек Икрамов коңшу өлкөлөрдө кырдаал курчуп жатканына байланыштуу Кыргызстандагы абал жана элдин даярдыгы тууралуу маселени көтөрдү:

“Саламаттык сактоо министрлиги палатага келип отчет берсе. Кошуна өлкөлөрдө коронавирустун жаңы түрү чыгып, бардыгы жабылып жатат. Даярдык кандай? Даярбызбы? Лабораториялар барбы? Жаңы чыккан штаммдын кандай түрлөрү бар? Эл ошого кандай даярдык кылышы керек?”.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда Кыргызстанда бул оору жуккандардын жалпы саны 88 374 адамга, каза болгондор 1499 адамга жетти.

Казакстандын Алматы шаарында коронавирустун жаңы штаммдары катталып, чектөөлөр күчөтүлдү жана ооругандардан саны көбөйүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG