Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:39

Ошто беш партиянын өкүлдөрү президентке жана мэрге кайрылышты


Партия өкүлдөрүнүн басма сөз жыйыны. Ош шаары, 31-март, 2021-жыл.
Партия өкүлдөрүнүн басма сөз жыйыны. Ош шаары, 31-март, 2021-жыл.

31-мартта Ош шаардык кеңешине аттанып жаткан тогуз партиянын арасынан бешөө шайлоо өнөктүгүндөгү мыйзам бузууларды айтып, президент Садыр Жапаровго жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго кайрылышты.

Басма сөз жыйынына «Улуу Журт», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» жана «Бир бол» партияларынын өкүлдөрү катышты. Алар «Ата-Журт Кыргызстан» партиясы административдик ресурсту колдонуп, добуштарды сатып алып жатканын айтышты.

Жыйындын катышуучулары шайлоо мыйзамдарын бузган бир нече аудио жана видео тасмаларды көрсөтүп, мындан сырткары далилдүү сегиз фактыны тизмектегендерин айтышты.

Ош милициясы үгүт тартибин бузуу боюнча 15 маалымат текшерилип жатканын билдирди.

Шаардык кеңешке «Ата-Журт Кыргызстан», «Улуттар биримдиги», «Бүтүн Кыргызстан», «Ишеним», «Бир Бол», «Ыйман нуру», «Ынтымак», «Улуу журт», «Республика» партияларынан 707 талапкер катталган. Ош шаардык кеңешинде 45 мандат бар.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталган. (DU)

XS
SM
MD
LG