Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:09

Абактагы тажик активистинин ден соолугу начарлап, ооруканага түштү


Хикматулло Сайфуллозода
Хикматулло Сайфуллозода

Тажикстанда абактагы оппозициячыл активист Хикматулло Сайфуллозоданын ден соолугу начарлап, ооруканага түштү. Бул тууралуу анын жубайы Фарогат Сангинова айтып чыкты. Анын маалымдашынча, абакта бир топ убакыттан бери дайыны чыкпай калган күйөөсүнүн ооруканага которулганын билген. Ал активисттин буга чейин жүрөк оорусу болгонун, ошол дарт өөрчүп кетиши мүмкүн экенин болжолдоодо.

«Азатттыктын» тажик кызматына Сайфуллозода менен бирге Вахдаттагы түрмөдө отурган адам активисттин ден соолугу начарлап кеткенин айтып берген.

70 жаштагы Хикматулло Сайфуллозода Тажикстанда тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү болгон.

Ал 2015-жылдын сентябрь айындагы жаңжалга байланыштуу кармалып, кийин 16 жылга эркинен ажыратылган. Анда тажик бийлиги Ислам кайра жаралуу партиясы генерал Абдухалим Назарзоданын жетекчилиги алдында бийликти кулатууну пландаганын жарыялаган эле.

XS
SM
MD
LG