Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:39

Германия менен Франция Украина боюнча тынчсыздануусун билдиришти


Украиналык аскерлер.
Украиналык аскерлер.

Германия менен Франциянын тышкы иштер министрлери Украинанын чыгышында элдешүү жараяны бузулуп жатканына тынчсыздануусун билдиришти. Бул тууралуу эки мамлекет биргелешип 3-апрелде жарыялаган билдирүүдө белгиленген.

«Биз кырдаалга, тактап айтканда орусиялык аскерлердин жүрүм-турумуна тыкыр көз салып жатабыз жана бардык тараптарды сабырдуулукка чакырабыз»,-деп жазылат билдирүүдө.

Мунун алдында орусиялык аскерлер Украина менен чек арага жакын топтолуп жаткандыктан АКШ Европадагы жоокерлерин аскердик даярдыкка келтиргенин "Politico" жана "The New York Times" басылмалары жазган.

Кремль Украина менен чек аралаш аймакка орусиялык аскерлердин топтолушу «эч кимди тынчсыздандырбашы керек» деген пикирде.

Буга чейин Украина менен Кошмо Штаттардын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүп, Жо Байден Владимир Зеленскийге Украина суверенитетин «айныксыз колдоорун» ырастаган.

XS
SM
MD
LG