Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

Өзбекстан менен Казакстандан жардамга буудай үрөнү келет


Буудай. (Иллюстрациялык сүрөт).
Буудай. (Иллюстрациялык сүрөт).

Премьер-министр Улукбек Марипов Өзбекстан Кыргызстанга 1000 тонна буудай үрөнүн берип жатканын, анын теңи жардам экенин билдирди. Өкмөт башчы кыргыз тарап жардамдын жарымын кайра буудай менен кайтарып берерин айтты.

Андан тышкары Кыргызстан 500 тонна пахта үрөнүн ушундай эле келишим менен алат. Өзбекстан 10 миң тонна унду гуманитардык жардам катары кайтарымсыз тартипте бермекчи.

Мындай колдоону Казакстан да көрсөткөнү турат.

«Казак боордоштор да 1000 тонна үрөндү күздүк буудай себүүгө жардам катары берип жатышат», - деди Марипов.

Улуттук статистика комитетинин 25-мартта берген маалыматына ылайык өлкөдө жогорку сорттогу буудай уну 48,45 сомдон, ал эми биринчи сорттогу буудай уну 38,97 сомдон сатылып жатат. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогорку сорттогу ун 13,2%, биринчи сорттогу ун 10,8% кымбаттады. (BTo)

XS
SM
MD
LG