Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:32

Ошто кыз-келиндер көйгөйүн чагылдырган сүрөт көргөзмөсү өттү


Көргөзмөгө коюлган чыгармалардын бири.
Көргөзмөгө коюлган чыгармалардын бири.

Ош облустук көркөм сүрөт музейинде кыз-келиндер кабылган зордук-зомбулукту, коомдогу жана үй-бүлөдөгү басым-кысымды чагылдырган заманбап чыгармалардын көргөзмөсү өттү. «Пудра» деп аталган иш-чара 28-марттан 4-апрелге чейин болду.

Анда Кыргызстандын аймактарынан чогулган жаш активисттердин окуялары, ой-толгоолору инсталляция, сүрөт, видео баян аркылуу чагылдырылды.

«Аймактардан келген кыздарды топтоп, аларга арт-лагерь өткөрдүк. Аларга адам укуктары, комикс, видеолорду тартуу тууралуу сабактар өткөрүлдү. Жыйынтыгында кыздар өз ойлорун ишке ашырышты», -деди уюштуруучулардын бири Инобатхон Султанова.

2021-жылдын алгачкы эки айында Кыргызстанда Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 1 463 үй-бүлөлүк зомбулук фактылары катталды. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20га көп. Өткөн жылы карантин маалында зомбулуктун саны 62% көбөйгөн. (DU)

XS
SM
MD
LG