Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:55

«Азаттыктын» каарманы Назгүл Стамакунова үйлүү болду


Назгүл Стамакунованын Ат-Башы районунундагы үйү.
Назгүл Стамакунованын Ат-Башы районунундагы үйү.

Мындан бир жарым ай мурун оор турмуштун айынан небересин малдын сөөгүн терип баккан Ат-Башы районунун тургуну Назгүл Стамакунова тууралуу «Азаттык» радиосу видео репортаж жасаган.

Жашаган үйү да начар абалда болгондуктан кайдыгер эмес адамдар ошол берүүдөн кийин жардам бере башташкан эле. 5-апрелде жеке ишкер Нурмухамед Миңбаев Токмок шаарынан бир бөлмөлүү батир белек кылды.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Стамакунова билдирди.

«Токмок шаарынан үй белек кылды. Абдан кубанып турам, жакшы үй экен. Документтерин өзүмө каттатып беришти», - деди.

Нарын облусунун Ат-Башы районунда эскилиги жеткен бир бөлмөлүү үйдө баш калкалап келаткан Назгүл Стамакунова жаз келип, кар эрисе үйдүн дубалдары урап калат деп чочулап жаткан. (BsB)

XS
SM
MD
LG