Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2022 жума, Бишкек убактысы 12:16

Тажикстандын коргоо министри Иранга барат


Тажикстан. Коргоо министри Шерали Мирзо.

Тажикстандын Коргоо министрлигинин басма сөз борбору кабарлагандай, министр Шерали Мирзо расмий сапардын жүрүшүндө Ирандын жогорку саясий жана аскерий жетекчилиги менен жолугушат. Анда аскердик-техникалык кызматташтык, маалымат алмашуу жана терроризмге каршы биргеликте күрөшүү сыяктуу бир топ маселелер талкууланат.

Тажикстандын коргоо министринин Тегеранга жасаган расмий сапары алдын ала мерчемделгени кабарланган эмес.

Тажикстан менен Ирандын ортосунда 2005-жылы коргонуу тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол колган. Ошол кезде Ирандын коргоо министри Али Шамхани аталган документке ылайык, ирандык армия болочокто Тажикстандын кургактагы аскер түзүмү жана чек ара кызматы үчүн аскер адистерин даярдап берерин билдирген. Ошондой эле Тегеран Тажикстанды аскер техникасы, аскер жабдуулары жана алар менен иштей алган адистер менен камсыздай турганын кабарлаган.

Тажикстандын эгемендигинин 20 жылдыгына арналган 2011-жылдагы Дүйшөмбүдөгү куралдуу күчтөрдүн аскердик жүрүшүнө Тегерандан келген 150 иран аскери катышканын “Азаттыктын” тажик кызматы эске салды.

Бирок бийликтин 2015-жылы сентябрь айында Тажикстандын коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын тарапташтары мамлекеттик төңкөрүшкө аракет жасады деген билдирүүсүнөн кийин эки өлкөнүн мамилеси кескин начарлап кеткен. Анткени бийлик бул үчүн жоопкерчиликти Ислам кайра жаралуу партиясына жүктөп, анын Ирандан каржыланганын белгилеген болчу.

Андан кийин бул оппозициялык партиянын лидери Мухиддин Кабиринин Ирандын жогорку саясий жетекчилиги кабыл алган Тегерандагы "Ислам биримдиги" деген аталыштагы чоң жыйынга катышканы дагы мамиленин андан ары начарлашына себеп болгон. Иран болсо Тажикстандын Улуттук банкын ирандык ишкер Бабаком Занжанинин акчасын адалдоого айыптаган.

Соңку мезгилде Дүшөмбү менен Тегерандын мамилеси бир аз жакшыра баштаганы байкалган.

XS
SM
MD
LG