Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:14

НАТО орус-украин чек арасындагы кырдаалга тынчсызданды  


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Түндүк атлантикалык альянс Орусиянын Украина менен чек арасына жакын тилкелерге аскер күчтөрүн топтогонун айыптап чыкты. НАТОнун расмий өкүлү Москванын мындай кооптуу аракеттери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуунун шарттарын бузууга барабар экенин эскертти.

Эл аралык коомчулук дагы Орусия аскерлерин Украинанын чек арасына жакын аймактарга жайгаштырууну күчөткөнү сындап жатат.

НАТОнун расмий өкүлү мындай аракеттер Украинанын чыгышындагы чыңалууну басаңдатуу аракеттерине ишенбестик жаратарын белгилеген. Түндүк атлантикалык альянстын 6-апрелде тараткан билдирүүсүндө Украинанын аймактык бүтүндүгү менен эгемендиги кыйшайуусуз колдоого алынары айтылган. Буга чейин НАТОго мүчө өлкөлөр Кара деңиздеги кырдаалды талкуулаган.

Альянстын Германия жана Франция сыяктуу мүчөлөрү өткөн жумада чек арада төрт украин аскери мерт болгон окуяны айыптаган.

Вашингтон жакында Москвадан украин чек арасындагы чагымчыл аракеттердин максаты тууралуу түшүндүрмө талап кылды. Буга жооп кылып, Орусиянын коргоо министринин орун басары Сергей Рябков ТАСС агенттигине 6-апрелде АКШнын расмий адамдары менен Украинанын чыгышында түзүлгөн абал талкууланганын кабарлады. Бирок АКШ муну тастыктай элек.

Эл аралык басылмалар Орусиянын төрт миңге чукул аскери Украинанын чек арасына жайгаштырылганын жазып чыгышкан. Орус аскер жетекчилери муну кезектеги машыгуу катары сыпаттаган.

XS
SM
MD
LG