Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 17:51

Өзбекстан Ирандын портторун пайдаланууну көздөйт


Мухаммед Жавад Зариф

Ташкент жаңы транспорттук коридор ачып, Ирандын деңиз портторун пайдалануу үчүн Тегеран менен кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Бул маселени өзбек президент Шавкат Мирзиеёв Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф менен 5-апрелдеги жолугушууда талкуулады.

Мирзиеёвдин басма сөз кызматы анда Өзбекстан-Түркмөнстан-Иран-Оман транспорттук коридорун өнүктүрүү маселеси дагы көтөрүлгөнүн кабарлады. Ошондой эле жалпы саясий, соода-экономикалык алака-катыштын абалы тууралуу пикир алышты.

5-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Өзбекстанга расмий сапар менен барды. Ошол күнү түндө Зариф Кыргызстанга келди.

XS
SM
MD
LG