Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 19:04

Казакстандын президенти коронавируска каршы эмделди


Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев “Спутник-V” вакцинасы менен эмделгенин басма сөз катчысы Берик Курмангали кабарлады.

Маалыматка караганда, вакцина Карагандыдагы фармацевтикалык ишканада өндүрүлгөн. Анын курулушуна Казакстандын өкмөтү былтыр мамлекеттик бюджеттен 35 млн. доллар бөлгөн. Вакцина Орусиядан келген чийки заттан даярдалат. Бул ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин кудасы.

Президенттин басма сөз катчысы Берик Курмангали 67 жаштагы Касым-Жомарт Токаевдин эмдөөдөн кийинки саламаттыгы «жакшы экенин», вакцинанын эч кандай терс натыйжалары байкалбаганын билдирди.

Орусияда ойлонуп табылган “Спутник-V” Казакстанда Саламаттык сактоо министрлиги расмий түрдө каттаган бирден-бир вакцина. Дарыгерлерди, мугалимдерди, күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин эмдеп бүткөн соң калктын кеңири катмары эмделе баштады. Бирок вакцинанын таңкыстыгы байкалып жатканы кабарланган.

Буга чейин Казакстандын бийлиги коронавируска каршы эмдөө үчүн QazCOVID-in деген аталышта иштелип чыккан вакцинаны колдонууну убада кылган. Бирок аталган препарат үчүнчү фазадагы, чечүүчү сыноодон өтө электиги айтылды. Биологиялык коопсуздук боюнча илимий изилдөө институтунун окмуштуулары апрель айынын аягында элди ушул вакцина менен эмдей турганын жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG