Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:53

АКШ Бээжин олимпиадасына бойкот жарыялоону сунушташы мүмкүн


Кошмо Штаттары өнөктөштөрү менен 2022-жылы Бээжинде өтчү кышкы Олимп оюндарына бойкот жарыялоону талкуулаганы жатат. Бул тууралуу АКШнын Мамдепартаментинин басма сөз өкүлү Нед Прайс билдирди.

Анын айтымында, жамааттык негизде бойкот жарыялоо бир эле Вашингтондун эмес, анын саясий үзөңгүлөштөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгын да көздөйт. Прайс соңку мезгилде Кытай бийлиги жапырт түрдө адам укугун бузуу тууралуу айыптоодон улам Бээжин Олимп оюндарына кандай мамиле жасалышы керек деген маселе талкууланып келе жатканын айтты.

Прайд азырынча кандайдыр бир так мөөнөт тууралуу сөз жок экенин белгилеп, аталган эл аралык спорттук мелдештерге дагы убакыт бар экенин белгиледи.

Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь Олимп оюндарын саясатташтыруудан алыс болууну эскертти.

Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах бул спорттук мелдештерге бойкот жарыялоого каршы экенин билдирген.

Буга чейин Европа Биримдиги уйгур баштаган мусулман азчылыктарынын укуктарын бузганы үчүн соңку 30 жылда биринчи жолу Кытайга санкция киргизген.

Канаданын төмөнкү палатасы Бээжиндин мындай саясатын "геноцид" катары тааныган.

Европада укук коргоочулар менен коомдук ишмерлер Кытайдын Шинжаң аймагындагы адам укугу бузулган учурларга көп көңүл бурушууда.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG