Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:23

АКШ менен Иран кепке келе баштады


АКШ-Иран өзөктүк макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрү.
АКШ-Иран өзөктүк макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрү.

АКШ менен Иран өзөктүк макулдашууга кайтып баруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантты. 6-апрелде Венада күндүн ортосунда башталып, бүгүн ортомчулардын байланышы аркылуу улантылып жаткан бул жолугушууда тараптар Тегерандын өзөктүк программасын кыскартуу маселесин талкуулашууда.

Иран уран байытууну кыскартса, анын ордуна эл аралык санкцияларды алуу боюнча 2015-жылы жетишилген макулдашууну калыбына келтирүүнүн шарттарын талкуулашууда.

Эки тарап тең жолугушуу конструктивдүү мүнөздө өтүп жатканын айтышып, бирок жакын арада жыйынтык күтүүгө мүмкүн эместигин белгилешти.

Иран кепке келүүнүн негизги шарты катары АКШ санкцияларды алып салууну тездетиши керектигин билдирген. Эгерде санкцияларды алып салуу кечеңдей турган болсо Тегеран сүйлөшүүлөрдү токтото турганы белгиленген.

АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү Нед Прайс: “Венада өтүп жаткан бул жолугушуу, биз ирандык өкүлдөр менен түз сүйлөшпөсөк да, көптөн бери күткөн кадам. Бул конструктивдүү, эки жакка тең пайдалуу кадам. Анткени биз 2005-жылдагы макулдашууга кайтып барууга умтулуудабыз",-деди.

Бирок Венадагы жолугушууда АКШ менен Ирандын өкүлдөрү түз сүйлөшпөстөн, байланыш бул өзөктүк макулдашуунун башка катышуучулары болгон Британия, Франция, Кытай, Германия жана Орусия сыяктуу ортомчулар аркылуу жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG