Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Forbes тизмесине дагы үч казакстандык миллиардер кошулду  


Быйыл Казакстанда миллиардерлердин саны дагы үч адамга көбөйүп, жалпы саны жетиге жетти. Алардын жалпы байлыгы 22 миллиард долларга барабар деп эсептелди. Америкалык Forbes басылмасы тизмесин жаңыртканда ага казакстандык ишкерлер, Kaspi банкынын ээлери 51 жаштагы Вячеслав Ким менен 45 теги Михаил Ломтадзе, Freedom Holding брокердик кеңсесинин башчысы Тимур Турлов кошулду.

Аталган журнал былтыр ноябрда Kaspi.kz чакан стартаптан финансалык технолгиянын ири долбооруна айланышына өлкөнүн тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Кайрат Сатыбалдынын салымы бар деп жазган. Сатыбалды 2018-жылы банктын акционерлеринин курамынан чыккан. Бирок аналитиктер муну жасалма болушу мүмкүн деп, Сатыбалды бул бизнестин чыныгы көмүскө кожоюну бойдон калганын айтышкан.

Forbes рейтинги боюнча Казакстандын эң бай адамдардын сап башын "KAZ Minerals" металлургия гигантынын кожоюну Владимир Ким ээлейт. Ал бир жыл ичинде байлыгын 900 миллион долларга көбөйүп, 4,6 миллиард долларга жеткирди. Ал миллиардерлердин тизмесинде 622-орунда турат. Кимдин "KAZ Minerals" компаниясы Кыргызстандын Ала-Бука районундагы Бозымчак алтын кенине ээлик кылат.

Казак миллиардерлеринин экинчи катарында Назарбаевдин ишенимдүү адамдарынын бири катары саналган бизнесмен Булат Утемуратов турат. Металлургия, тейлөө, медиа тармактарында бир нече компанияга ээлик кылган Утемуратовдун байлыгы бир жыл ичинде 700 миллион долларга артып, 3,4 миллиард долларга жетти.

XS
SM
MD
LG