Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Пашинян Путинден армян туткундарын бошотууга көмөк сурады


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусиянын президенти Владимир Путинден Азербайжанда кармалып турган ондогон армян туткундарынан бошотууга жардамлашууну өтүндү.

Туткундар өткөн жылы күзүндө Тоолуу Карабактагы согуш учурунда колго түшкөн. Пашинян бул маселени 7-апрелде Москвада Путин менен жолугушуу учурунда көтөрдү.

Өткөн жылы 9-ноябрдагы Макулдашуу боюнча бардык аскер туткундары жана башка кармалган жарандык адамдар өз үйлөрүнө кайтарылышы керек болчу. Бирок, тилекке каршы алардын бардыгы дагы деле Азербайжанда камакта турушат” – деди Никол Пашинян.

Өткөн жылы күзүндө Азербайжан менен Армениянын Тоолуу Карабактагы бир жарым айлык согушта алты миңден ашуун адам каза тапкан. Бул согуш Орусиянын ортомчулугу астында аяктап, тараптар ок атышууну токтотууну макулдашкан.

Азербайжанда кармалып турган армян аскер туткундарынын так саны белгисиз. Бирок айрым жалпыга маалымдоо каражаттары алардын саны 140тай экени кабарлаган.

XS
SM
MD
LG