Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Равшан Жээнбеков УКМКда сурак берип жатканын билдирди


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Саясатчы Равшан Жээнбеков 8-апрелде Улуттук коопсуздук комитетине суракка киргенин билдирди.

Ал "Фейсбуктагы" баракчасына учурда суракта отурганын, өзүнө жакындары аркылуу басым-кысым болуп жатканын жазды.

"Бул - ойдон чыгарылган саясий иш", - деп билдирүү калтырган Равшан Жээнбеков кайсы ишке байланыштуу суракка чакырылганын кабарлаган жок.

Бүгүн эртең менен өзүнүн жана карындашынын үйүнө атайын кызматтын өкүлдөрү келип, тинтүү жүргүзгөнүн маалымдады.

Аны менен байланышууга жана УКМКнын өзүнөн маалымат алууга азырынча мүмкүн боло элек.

Буга чейин УКМК Бишкек шаардык сотунун судьясы Мира Жээнбековага карата "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганы кабарланган. (NT)

XS
SM
MD
LG