Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Өзбекстандын дин иштери комитети: ажылык менен умрага жол ачылат


Өзбекстандын дин иштери боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Музаффар Камилов Сауд Арабиясынын бийлиги 17-майдан баштап, чет элдик зыяратчылар үчүн Мекке менен Медина шаарларына умрага жана ажылыкка барууга уруксат бериши мүмкүн экенин билдирди.

Анын айтымында, Эр-Рияд былтыр коронавирус пандемиясынан улам ажылык менен умрага зыярат кылууну чектеген.

Сауд Арабиясынын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, ал жакта эгерде ушул бойдон кырдаал турукташа турган болсо заяратка 17-майдан жол ачылат.” – деди ал.

Ошондой эле Камилов учурда аталган өлкө менен бул жагдай тууралуу кат алышуу жүрүп жатканын кошумчалады.

Сауд Арабиясынын Ажылык министрлиги 5-апрелде COVID-19 илдетине каршы эмделген зыяратчыларга гана ыйык жайларга келүүгө уруксат берилерин жарыялган.

XS
SM
MD
LG