Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:32

HRW ооган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө аялдарды аралаштырууга чакырды


Human Rights Watch(HRW) эл аралык укук коргоо уюму аялдарды толук укуктуу катышуучу катары Түркияда өтчү алдыдагы ооган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакыруу зарылдыгын билдирди.

Бул фактор Ооганстандагы тынчтык жараянын тездетүүгө салым кошору көрсөтүлгөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жогорку кызмат адамдарына багытталган кайрылууда ооган аялдарын тынчтык сүйлөшүүлөрүнө чакыруу үчүн жоопкерчиликти алуу сунушталган.

Ооганстандагы адам укугун коргоочулар 16-апрелде Стамбулдагы конференцияда зомбулуктун курмандыгы болгон аялдардын маселесине анчейин көңүл бурулбай жатканына тынчсызданышкан.

Бул жолугушуу БУУнун ортомчулугу менен Ооганстандагы талибдерин жана Кабулдун катышуусунда өтөт. Анда аталган өлкөдө тынчтыкты орнотуу планы талкууланат.

XS
SM
MD
LG