Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:13

Бишкек шаардык сотунун судьясы мыйзамсыз баюуга шектелип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык сотунун судьясы мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын Улуттук коопсуздук комитети 8-апрелде билдирди.

Атайын кызматтын маалыматында судьянын аты-жөнү аталган эмес. Инициалы Ж.М.Б деп көрсөтүлгөн. Ал мыйзамдуу киреше булагы жок болсо дагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө жана бир катар коммерциялык объектилерге ээ экени жазылган.

74 кымбат баалуу батири, 19 соода жайы, 10 автоунаа токтотуучу жайы, Бишкекте ыңгайлуу аянттардагы жер тилкелери аныкталганы белгиленген.

Мындан тышкары сөз болуп жаткан судья кылмыш жолу менен алынган кыймылсыз мүлктүн изин жашыруу максатында аларды туугандарына каттатып, алып-сатуу боюнча келишимдерди түзгөн деп айтылат.

Атайын кызмат учурда бул судьянын декларацияга киргизилбеген башка кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо иштери уланып жатканын, Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталганын кошумчалады.

Судьяга карата кылмыш ишин козгоо боюнча Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынан уруксат сураларын, тиешелүү материалдар Башкы прокуратурага жиберилерин кабарлады.

"Азаттыкка" ал судья Мира Жээнбекова экени белгилүү болду. Буга чейин анын агасы, саясатчы Равшан Жээнбеков 8-апрелде УКМК кызматкерлери өзүнүн жана карындашынын үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн билдирген. Атайын кызматта суракта отурганын, жакындары аркылуу өзүнө басым-кысым болуп жатканын жарыялаган.

УКМК Жээнбековдун билдирүүсүнө комментарий бере элек. (NT)

XS
SM
MD
LG