Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Судья Мира Жээнбекова УКМКнын маалыматы негизсиз деп эсептейт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкек шаардык соту 8-апрелде Улуттук коопсуздук комитетинин судья Мира Жээнбековага байланыштуу билдирүүсү тууралуу маалымат таратты.

Анда Жээнбекова атайын кызматтын өзүнө карата мыйзамсыз баюу боюнча шектенүүсү чындыкка дал келбей турганын айткан.

Жээнбекова өзүнүн жана жакындарынын мүлктөрү ал Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп дайындалганга чейин бар болгонун, УКМКнын маалыматында фактылар бурмаланып берилгенин белгилеген.

Судьянын түшүндүрүүсүндө, 74 батирлүү жана 10 автоунаа токтотуучу жайы бар үй анын күйөөсүнө таандык жер тилкесине курулуш компаниялардын бири менен болгон келишимдин негизинде курулган. Батирлердин көбү үлүшчүлөргө таандык.

УКМК буга чейин Жээнбекова мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын, ал мыйзамдуу киреше булагы жок болсо дагы кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөр жана бир катар коммерциялык объектилерге ээ экенин кабарлаган.

74 кымбат баалуу батири, 19 соода жайы, 10 автоунаа токтотуучу жайы, Бишкекте ыңгайлуу аянттардагы жер тилкелери аныкталганын маалымдаган.

Атайын кызматын билдиришинче, учурда Жээнбекованын декларацияга киргизилбеген башка кыймылсыз мүлктөрүн аныктоо иштери уланып жатат, Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Буга чейин судьянын агасы, саясатчы Равшан Жээнбеков УКМК кызматкерлери өзүнүн жана карындашынын үйүндө тинтүү жүргүзгөнүн айткан. Атайын кызматка сурак берип чыкканын, жакындары аркылуу өзүнө басым-кысым болуп жатканын жарыялаган. Саясатчынын жакындары Жээнбековдун медиаларын жабуу боюнча аракет көрүлүп жатканын соцтармактарга жазышууда.

УКМК Жээнбековдун билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Мира Жээнбекова Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча коллегиясынын судьясы болуп 2016-жылы дайындалган.(NT)

XS
SM
MD
LG