Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 04:39

«Торугарт» жана «Эркечтам» бекеттеринин иши талкууланды


"Торугарт" бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын өкмөт башчысы Улукбек Марипов бүгүн, 9-апрелде Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды.

Жолугушууда өкмөт башчы кытай өкмөтүнө коронавирус инфекциясына каршы 150 миң доза «Sinopharm» вакцинасын бергени үчүн президенттин ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар транспорт, соода, инвестициялар, өлкөлөр ортосундагы авиакаттамдардын жандандырылышы тууралуу талкуулап, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши боюнча да сүйлөштү. Кыргызстандын премьер-министри көзөмөл-өткөрүү бекеттеринин толук кандуу ишке киргени жүк ташуунун көлөмүн көбөйтүүгө жана эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар жана башка тармактарга техникалык көмөк көрсөтүү жаатындагы гранттык долбоорлорду ишке ашыруунун абалын айтып берди.

Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» менен «Эркечтам» текшерип өткөрүү пункттары 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган. Кийинчерээк "Эркечтам" бекетинин иши жарым-жартылай жанданган. Чек ара бекеттеринин ишинин аксаганынан улам катардагы ишкерлер менен катар өлкө экономикасы жабыркаганы кабарланган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG