Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Орусия менен Батыштын тирешинен рубль арзандады


Москванын саясий жана дипломатиялык көйгөйлөрү күчөгөн шартта Орусиянын валютасы долларга карата күчүн жоготту. Борбордук банк акча-насыя саясатын катаалдатканга карабай, рубль мындан беш ай мурдагы минимумга түштү. Ага ылайык, бир АКШ доллары 77, 11 рублден ашты. Ал эми бир евронун наркы 91 рублден жогорку чекте сатылууда.

Орусиянын өнөктөштөрүнүн валюталарынын дагы куну түшө баштады. Маселен Казакстанда бир АКШ доллары 433 теңгеге чыкты. Аталган өлкөнүн Улуттук банкы теңгенин арзандаганын рублдин азыркы абалы жана мунай баасындагы оош-кыйыш менен байланыштырды.

Беларус рублинин курсу рекордук төмөнкү көрсөткүчтө жетти. Финансалык эксперттер валюта рыногундагы мындай олку-солкулукту орус-украин чек арасындагы чыңалуу, ага карата Батыштын мамилеси менен байланыштырышты.

Кыргыз сомунун курсу дагы соңку жумада бир аз арзандап, бир АКШ доллары 84,80 - 84-90 сомдун тегерегинде кармалууда.

XS
SM
MD
LG