Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:17

Иран Түштүк Кореянын мунай танкерин бошотту


I
I

Тегеран мындан үч ай мурун Түштүк Кореянын мунай ташыган танкерин кармап, камакка алган болчу. Анын бул аракети АКШнын санкцияларынан улам Түштүк Кореядагы анын 7 миллиард доллар акчасы бөгөттөлгөнү менен байланыштырылган.

Расмий маалыматка ылайык, Hankuk Chemi кемеси Бендер-Абастан алып эмес Ирандын портунан деңизге жол тартты.

Кара май ташыган танкер камалгандан кийин андагы экипаждын 12 мүчөсү тең бошотулганы, бирок алар кемени таштап кеткен эмес.

Быйыл 4-январда Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусу Түштүк Кореяга таандык Hankuk Chemi танкерин Ормуз кысыгынан кармап, камакка алган.

Иран аны кармоо учурунда кемеден кара май агып, айлана-чөйрөгө зыян келтирилгенин билдирген. Бирок бул кадам Түштүк Кореядагы 7 млрд долларга барабар ирандык банк эсептерин камоого жооп катары каралган.

Бирок Тегеран мындай сөздөрдү негизсиз деп билдирген.

XS
SM
MD
LG