Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Казакстандын Караганда облусунда карантин чаралары күчөтүлдү


Караганда облусунда COVID-19 илдетинин жайылышына байланыштуу 12-апрелден тарта кайрадан чектөө чаралары киргизилгени жатат.

Бул тууралуу 9-апрелдеги брифинг учурунда облустун башкы сантиардык врачы Юрий Залыгин билдирди. Ал ооругандардын көбөйгөнүн жергиликтүү тургундардын санитардык эрежелерди сактабай жатканы менен негиздеди.

Азыркы учурда Карагандада COVID-19 илдетинин лабораториялык жактан тастыкталган 18 миң 715 учуру катталган.

12-апрелден тартып облуста көңүл ачуу жайлардын, балдардын оюн-зоок аянтчаларынын, букмекердик кеңселердин, мектептердин алдындагы ийримдердин, банкеттик залдардын жана башка адамдар топтолгон жайлардын иши убактылуу токтойт. Ошондой эле бул учурда шаарлар аралык жүргүнчү ташууга дагы тыюу салынат.

Ал эми спорт залдарына, сулуулук салондоруну, бассейндерге алдын ала жазылып, кардарларды чектеп киргизүү менен гана иштейт.

Санитардык кызмат жеке менчик жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин 80 пайызга чукулун аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштады. Мектептерде окутуу аралаш формада – көпчүлүк класстар үчүн аралыктан, башталгыч жана айрым бүтүрүүчү классттарга салттуу окутуу түрү калтырылды. Бала бакчалардын нөөмөттөгү тайпаларына гана иштөөгө уруксат берилди.

Ошол эле кезде 10-апрелден баштап Караганда облусунда ири масштабдагы коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү башталат.

XS
SM
MD
LG