Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Ош шаарынын мэри административдик ресурс колдонбоого чакырды


Ош шаарындагы шайлоо участокторунун бири.
Ош шаарындагы шайлоо участокторунун бири.

Мэр Таалайбек Сарыбашов административдик ресурс колдонууну болтурбоо үчүн бир нече жолу жыйналыш өткөргөнүн, эгер мамлекеттик кызматкерлер аралашкан мыйзам бузуу катталса, аларга чара колдонуларын билдирди.

«Мен шаар башчысы катары мэриядагы кызматкерлердин бир да админресурс колдонбоого, шайлоочуларга тоскоолдук жаратпоого чакырып, эки жолу штабдын жыйынын өткөрдүк. Координациялык кеңешмеде чечим кабыл алып, укук коргоо органдарына тапшырмалар берилди», - деди Сарыбашов.

Ош шаардык милициясынын маалыматына ылайык, шайлоого байланыштуу 60тан ашуун билдирүү катталган.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган. Шаарда 151 миңден ашуун киши шайлоого катышат. (DU)

XS
SM
MD
LG