Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Добуш берүүгө 183 эл аралык байкоочу көз салып жатат


Бишкектеги добушканалардын бири
Бишкектеги добушканалардын бири

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бүгүн референдумду жана жергиликтүү кеңештерге шайлоону 183 эл аралык байкоочу көзөмөлдөп, 200дөн ашуун медиа каражаты чагылдырууда.

Шайлоо процессин 11 коомдук уюм көзөмөлдөп, дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 179 журналист каттоодон өткөн.

11-апрелде 448 кеңештин, анын ичинде 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо болууда.

Ушул эле күнү президенттик башкарууга ыктаган Баш мыйзамдын жаңы долбоору референдумга коюлуп жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG