Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Ошто беш шайлоо тилкесинде көчмө добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды


Ош шаары. 11-апрель, 2021-жыл.
Ош шаары. 11-апрель, 2021-жыл.

Ош шаарында 10-апрель күнү көчмө добуш берүүнүн тартиби бузулгандыктан беш участокто жыйынтыгы жокко чыгарылды. Маалыматты Ош аймактык шайлоо комиссиясынын башчысы Расул Кадыров ырастады.

«Биринде ашыкча бюллетень берип калган, дагы биринде тизмеде жок киши добуш берген. Көчмө добуш берүү 70тен ашуун шайлоо тилкесинде өткөн».

Ош шаарында 10-апрелде 1519 адам добуш берди. Мыйзам боюнча шайлоо өнөктүгүнө катыша албаган жарандар аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышы керек.

Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 9 партиядан 707 талапкер катталган. Шаарда 151 миңден ашуун киши шайлоого катышат.

Кыргызстанда бүгүн референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүүдө. Өлкөдө 448 аймакта, же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат. (DU)

XS
SM
MD
LG