Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:34

Бишкек менен Баку маданий кызматташтыгын жакшыртат


Кайрат Иманалиев жана Хикмет Хаджиев
Кайрат Иманалиев жана Хикмет Хаджиев

Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Бакуда азери президенти Илхам Алиевдин кеңешчиси Хикмет Хаджиев менен жолукту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Маданият, аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда тараптар кыргыз-азери маданий байланыштар, маалымат, спорт, жаштар саясаты тармагындагы тажрыйба алмашуулар тууралуу пикир алышты. "Бүгүнкү күндө маданият элдердин ортосундагы алтын көпүрө экендигин эске алып, мындан ары маданий кызматташтыкты жакшыртуу, бири-бирине кеңири таанытуу учурдун талабы экендигин баса белгиледи. Хикмет Хаджиев бул демилгелерди Азербайжан тарап колдоорун айтып, алдыда Илхам Алиевдин Кыргызстанга расмий иш сапары ыңгайлуу убакка пландалып жатканын кабарлады", -деп айтылат маалыматта.

Иманалиев Бакуга Түрк тилдүү мамлекеттердин маданият министрлеринин жыйынына барган.

Аталган министрлик "Кайрат Иманалиев Азербайжанда улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармачылыгына өзгөчө баа берилип жатканын белгиледи. Кыргызстанда да Узеир Гаджибеков, Кара Караев, Полад Бюл-Бюл оглы, Муслим Магомаевдин, Бактыяр Вахабзаде, Анар Рязаев сындуу азери элинин улуу таланттары кеңири таанымал экенине токтолду", -деп кабарлады.

Мындан эки жыл мурун Бакуда азери өкмөтүнүн колдоосунда кыргыз жаштар поэзиясынын антология азери тилинде жарык көргөн. (MZh)

XS
SM
MD
LG